Мындай пикирин журналист Адилет Айтикеев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул жыйынтык жылдар бою сүйлөшүлүп келген аракеттердин натыйжасы.

«Чек ара маселеси менен ойнобогула! Диванда чалкалап жатып алып чек араны өзүңөрдүн сасык популизмге колдонбогула! Бул жыйынтык жылдар бою сүйлөшүлүп келген аракеттердин натыйжасы. Ташиев баарын шуруга тизгендей түшүндүрүп берди. Акыры бир бийлик ушул маселени өз мойнуна алып, тобокелчиликке барды. Эми бул байкуштар эртең жер сатты деген жалган жалаага кабылышат. Ошого карабастан чечкиндүү кадамга баргандарына Чоң рахмат!

Ушундай эле чек ара маселесин кол жоолук кылып беттерине кармап чыккан оппозиция 2008-жылы Түпкө чейин барып айкырык салган. Арадан 2 жыл өтпөй ошолор толугу менен Убактылуу өкмөт аталып, бийликти колго алышты. Бирок, бирөө да Назарбаевге барып, «бауырым, бизге Манастан калган Каркыраны бериңиз» дегенге жарашкан жок. Анткени аларга Каркыра эптеп элге жагып, Бакиевден бийликти тартып алуу үчүн гана керек болгон. Эгерде алар чек араны жакшы билгенде, Таластагы Көк-Сай айылына барып, ошол жерден казактарга берилген 4,5 миң гектардын маселесин дагы көтөрүшмөк. Бирок аларды чек ара маселеси кызыктырбайт!
Мына ушундай сасык саясатты мамлекеттик маанилүү иштерге айырбаштабагыла!»- деген ал.