Чек ара маселесине келгенде өтө аяр болгон жакшы. Чек араны эч убакта бир да мамлекет элге, көпчүлүкө салып чечкен эмес.Мындай пикирин коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев билдирди.

«Мен бул сөздү өтө көп айтып жүрөм. «Чек араны талкуулоо согушту талкулоо»-дешет француздар. Чек ара маселесине келгенде өтө аяр болгон жакшы. Чек араны эч убакта бир да мамлекет элге, көпчүлүкө салып чечкен эмес. Ошондой мисал болсо келтиргиле. Чек араны кесипкөйлөрдөн турган комиссия талкуулап сүйөлөшүүлөр жолу менен гана чечишкен. Чек ара талашын элге салсаң эки элди согушка түрткөн болосуң. Бүгүн коңшубуз Өзбекстан менен болгон чек ара келишимин «чек ара»- деген сөздүн маанисин билгендер деле билбегендер деле талкуулап атышат. Өмүрү «Кемпирабад» деген суу сактагычты көрбөгөндөр деле «акылдуу» пикирлерин айтышууда. Бир катар оор сүйлөшүүлөр менен чечкиндүү кадамдар болгон экен. Бул эртедир кечтир чечилүүчү маселе болчу. Чечилди. Демек жакшы жагын көбүрөөк ойлош керек. Чечилбей чоюлуп кала берсе берсе талаш күчөсө эки эл кагылышып ортодо кан төгүлүп кетсе эмне болот? Андай кырдаалдар нечен жолу түзүлүп Кудай сактап эле калбадыбы. Өзбек тараптын интернет булактарына кирип көргүлө. Бийликке үн катпаган өзүбек туугандар деле ызылдап «Кыргыздар баарын шыпырып алып кетти»- деген тариздеги маалыматтарды жарыялап, К.Ташиевдин маалымат жыйынын кайта кайта берүүдө. Кыргызстанда болсо бийликке кастарын тиккендер колдон келишинче ушул маселени беттерине кармап кудай берип салышты. Үзөнгү-Кууш кеткенде, Каркыра кетткенде жер муштап ыйласак жарашмак. Бүгүн миңдеген гектар жерлерди алып жатканда, Үнкүр-Тоону кайра кайтарып алып жатканда арыдан бери эле болбойлубу. Кыргызга кылдай кызмат кылбаса да отуруп алып акыл айткан «жарма мекенчилдер» Камчыбек Ташиев кимиңерден болсо да Кыргыз эл жери дегенде ашык күйгөн инсан. Муну ал иш жүзүндө нечен жолу далилдеген. Кантип эле эми артында терс сөз калтырууну ойлосун. Чырылдап пикир айтууда да акылдан адашпай калыс пикирди табууга аракеттенели».