«Чечкиндүү кадам жасаганга учур келди! Кылчактабайлы! Алдыга жылалы!»
Профессор Алмазбек Акматалиев Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй пикир калтырган:
«Кечөө депутаттардын бири ачык жарыялады: партиялардын тизмесинде биринчи 20 талапкердин ар бирөө 1 млн долларга чейин «взнос» кылып, депутаттык мандатка жетип келишкен…
Эми бул нерсе мурун эле айтылып келаткан, эми дагы бир ирээт тастыкталды…
Ушубу биздин парламенттик башкаруу? Ушубу биздин парламенттик демократия? Ушубу парламенттик көзөмөл, саясий конкуренция, бийликтин тең салмактуулугу, парламенттин күчү, Президентти тизгиндөө…
Башкасын айтуунун кереги жок да! Министрлик орундар сатылып жатканын, аткаруу бийлигин саясий партиялар УСТУКАНдап алганын, күчтүү, бир муштумга түйүлгөн Өкмөттү түзүү мүмкүн эмес экенин анда айтуунун эмне кажети бар!
Ушундай жол менен түзүлгөн Жогорку Кеңешке эл анан кантип ишенет? Эгер 11-апрелде Конституцияны кабыл алып бербесек, анда кайра эле ушундай абалга кайра келебиз сөзсүз! Ушундай келечектин кереги барбы кыргызга? Эң негизкиси, үч бийликти тең энчилеп алган саясий партиялар акырында ЭЧ нерсеге жооп бербей, кутулуп кетип жатпайбы? Себеби: партиянын ӨЗҮ ЖОК! Партия деген, тилекке каршы, олигархтардын, көпөстөрдүн эле ШЕРИНЕСИ болуп калды! Ушубу парламентаризм? Ушундай ыплас жол менен түзүлгөн парламентке кантип Өкмөттү, аткаруу бийлигин кураганга укук беребиз?
Ошол үчүн, урматтуу достор! Чечкиндүү кадам жасаганга учур келди! Кылчактабайлы! Алдыга жылалы!
Албетте, Конституциянын долбоору кынтыксыз, идеалдуу документ эмес! Алешемдиги, чала жагы да бардыр! Бирок, бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын абалына, кыргызстандыктардын менталитетине, дүйнө таанымына, каалоосуна төп келип турат. Муну мыйзамдын жалгыз ээси болгон ЭЛ 10 январдагы референдумда дагы бир жолу тастыктады!» — деп жазган Акматалиев.