Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Орусия менен Казакстан Кыргызстандын Камбар-Ата-1 ГЭСин чогуу куруу сунушунан эмнеге баш тартканын маалымат жыйында түшүндүрдү.

Садыр Жапаров мындай сунушту Орусия менен Казакстанга болгон иш сапары учурунда айткан.

«Орус туугандар Камбар-Ата-1ди силер менен чогуу курган менен “силерде электр энергиясынын баасы арзан экен, биз салган акчаны актабайт экен, азыр чогуу курганга макул эмеспиз, азырынча туруп туралы” деди. […] Садыр Жапаров Казакстанга барганда президент Касым-Жомарт Токаевге дагы Камбар-Атаны чогуу куралы, биз жерди, сууну берели кызматташалы десе, казактар дагы бизге “азыр электр энергиясы керек эмес, өзүбүздө ашыгы менен бар, азырынча биз куруп акча коротконго шашпайбыз, кийинчерек [кылалы]” деген пикирин айтты», — деди Ташиев.

Ал эми Жапаров Өзбекстанга болгон иш сапары учурунда да бул сунушту айткан, алар макул болуп сунушту кабыл алган.

«Келгиле Камбар-Атаны чогуу куралы, пайдаланалы, эки өлкөгө тең пайдасы тийсин деди. Алар макул деди, ошого аракет кылып жатышат. Мунун эмнеси жаман?» — деп ал суроо салды.

Ташиев Кыргызстан эгер ГЭСти өзбек тарап менен куруп калса, тараптардын пайыздык үлүшү болорун белгиледи. Балким 50-50 үлүш болот. Андан сырткары Камбар-Ата-1ди курууга 2 млрд доллар кетери болжонуп жатканын белгилеп, ГЭС ишке киргенден кийин өзбек тарап курулушка салган акчасын актап алганга чейин ошол жерде болоруна токтолду.

«Өзбек тарап курулушка салган 2 млрд долларын кайра чыгарып алганга чейин ошол жерде болот. Балким 10 же 25 жыл болот, эми убагында көрөбүз. Алар акчасын чыгарып алгандан кийин ГЭС бизде калат, мамлекетте калат», — деди ал.

Ташиев андан сырткары буга чейин Кыргызстан башкалардын «күтүп тургула» деген сөздөрүнө ишенип, азыр өлкөнүн «эч нерсеси жок» калганын билдирди. Анын айтымында, учурда өлкө ичинде электр энергиясына болгон талап өсүп жатат.

Ал ошондой эле, Өзбекстан менен биргеликте ГЭС куруу маселеси көтөрүлгөндөн бери коом арасында ар кандай терс пикирлер айтылып жатканына токтолуп, аны бийликтин иш-аракетине каршы болгондор чыгарып жатканын билдирди.

«“Камбар-Ата-1 ГЭСин Садыр Жапаров Өзбекстанга берип коюптур, биргелешкен компаниянын курулушу туура эмес, себеби, Өзбекстан сууну алып коёт” деген ар түрдүү ыплас, болбогон сөздөрдү айтып жатышат. […] “Курганда сууну өзбек тарап өмүр бою алып калат экен, башкарып калат экен” деп жатышат, андай болбойт. Садыр Жапаров эч качан андай жолго барбайт», — деди ал.

Камбар-Ата-1ди куруу машакаты

Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1» ГЭСин долбоорлоо мындан 40 жыл мурун Ташкентте башталган. Анткен менен аталган долбоорду ишке ашыруу аракеттери 2012-жылдары мамлекеттик деңгээлде көтөрүлгөн. Орусиянын «РусГидро» компаниясы ГЭСти 2021-жылы куруп бүтмөк. Бирок кийин иштер үзгүлтүккө учурап, 2016-жылы Кыргызстан макулдашуудан бир тараптуу чыгып кеткен.

Ал эми 2020-жылы февралда Кыргызстан аталган ГЭСти өз алдынча кура турганын билдирген. Бирок ошол эле жылдын октябрь айында өлкөдө бийлик алмашып, саясий кризис башталган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча Камбар-Ата-1 ГЭС ишке кирсе, анын кубаттуулугу дээрлик 1 млн 900 миң кВт саат болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын иштеп чыгат.

Булак: Klopp.kg