Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Чыңгыз Абдумомуновдун кыргыз-өзбек мамилеси, Камбар-Ата ГЭСи, эки өлкөнүн Президенттери тууралуу жазган пикирин окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүк (текст өзгөртүүсүз берилет):

«Тарых алдында бул эки инсан сөз менен эле эмес иш жүзүндө канчалык эки элдин достугун колдоорун так көрсөтө алышты десем жаңылышпайм. Сырдарыя Орто Азиянын негизги кан тамыры экени айдан ачык ошол Сырдарыянын тубу улуу Кыргызыбыздын тоолорунан башталып акыры барып Туркестандын чөлүн аралап отуруп Арал деңизине куят. Азыркы учурдагы бир тууган кыргыз-өзбек өлкөлөрүнүн чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө жасалган туугандык чечимдер көөп адамдарды кубандырып турат.

«Бир өзбек тууган айткандай Өзбек жеринде милльярдтаган долларларды коротуп Сардобо суу сактагычындай кургандан көрө Кыргызстанга Камбар-Ата ГЭСин куруп берсек эки элге тең чооң жардам болот».

Камбар-Ата ГЭС кышы менен ток чыгарып иштетсе андан чыккан суу келип Токтогул суу сактагычында чогулат жаз жайы менен Токтогул ГЭСин иштетсе андан чыккан суу Өзбек туугандардын талаа иштерине колдонулат дейт, мындай ынтымак да ары үнөмдүү да мамиле эки элдин экономикасына чооң жардам берет. Талашсыз суубуз дайыма бир ууч чиновниктерибиздин кызыкчылыгы үчүн сатылып келген мындан ары дагы сатыла берет ошол ууру чиновниктерге каршы ушундай сонун ак таза чечим болуп жатканы чынында журөктү кубандырат экен. Өзбекистан Президенти урматтуу М.Ш Миромоновичтин кыргыз элине жасаган мамилесинен чындап эле карапайым кыргызга болгон достук урматы-сыйы иш жүзундө так даана көрунүп турат.

Урматтуу Президентибиз Ж.С Нургожоевичтин жасап жаткан иштери эң биринчи кошуна тууган эл менен 30 жыл чечилбей келген көйгөйдү эки тараптуу туугандык деңгээлде чечип жатышы бул чыныгы көсөм лидерликтин сапаттарынын бири экенин белгиси жана келечекте кошуна бир тууган өзбек эли менен чогуу жакшы жетишкендиктерге жетеерибизге ишеним артты. Өзбек элинин Президенти урматтуу М.Ш Миромонович керек болсо Орто Азиянын лидери экенин далилдеди. Албетте эки өлкөдө тең эки элдин ыркын ынтымагын бузган майда ар кандай топтор жок эмес, эчен кылымдык тарыхты башынан өткөргөн көсөм кыргыз-өзбек туугандар ким тууган ким душман экенин талдай билип, бир бирибизге жөлөк болуп лидерлерибиз баштаган жолдо тууганчылыгыбыз үзулбөй туз кетейли, жашасын кыргыз-өзбек элдерибиздин туугандык мамилебиз» — деп жазган Чынгыз Абдумомунов.