Кыргызстанда бир суткада коронавирус 71 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 53, Ош – 1, Чүй облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 62 адам коронавирустан айыгып чыккан.  Бишкекте – 36, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 23 жана Нарын облусунда – 1 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болуп, өлгөндөрдүн саны 1497 адамга жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 550 бейтап, амбулатордук түрдө 515 адам дарыланууда.

Өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 241 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 196 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 163 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 653 киши айыгып чыкса, 1 миң 497 адам каза болду.