Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагынын  Nurik Mambetov аттуу колдонуучусу жазып,  Президент Садыр Жапаровко кайрылуу жолдоду.

Анын айтымында, эки-үчтөн админстративдик айып акчасы барлар баары кара тизмеде.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич Орусиянын кара тизмесине кирип, миндеген кыргыз жарандары кайра кете албай кыйналды.Азыркы убакта актуалдуу маселе болуп турат, Кыргызстанда жумуш жок.Эки үчтөн админстративдик штрафы барлардын баары кара тизмеде, амниссия сурап маселе көтөрүлсө оң жагына чечилип калат беле, 60миңден ашык жарандар бар экен кара тизмеде .Ушул маселени карап чечип берсеңиз рахмат ишинизге ийгилик”,- деп жазат ал.