Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети 2021-жылдын 1-апрелинен тарта иштей баштайт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмүнөн кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Каркыра» бекети казак тараптын демилгеси менен ачылат. Аталган бекет саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, Казакстандагы эпидемиологиялык абалды жана жүргүзүлгөн карантиндик иш-чараларды эске алуу менен Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга бараарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт.

Эскерте кетсек, «Каркыра» өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт.

Бекет Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 25-декабрындагы «Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайлары жөнүндө» макулдашуусуна ылайык, «Каркыра» көп тараптуу, автомобилдик бекет болуп саналат. 2020-жылдан баштап «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү жайы жыл бою иштей турган режимге өткөн», — деп айтылат маалыматта.