Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргыз кыштак айылынын тургундарына таза суу чыгарылып берилди.

Таза сууну чыгаруу демилгесин экс-депутат Чолпон Султанбекова көтөрүп чыгып, жергиликтүү тургандар бийликке бир нече ирет кайрылып, андан натыйжа чыкпагандан кийин депутат айымга кайрылуу жолдошкон. Анын натыйжасында Кыргызстанга бир топ кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келген «Хьюмен Эппиэл Интернешнл» Эл аралык бирикмесинин жетекчиси Али Айоуб менен биргеликте элге таза суу чыгарылып берилди.

“Кыргыз кыштак айылында суунун тартыштыгынан көп жерлер кургап, эл кыйналышып бизге кайрылышкан. Бул маселе менен мурунтан кабарым болгондуктан шайлоо алдында элге таза суу чыгарып берем деп элге убада берген элем. Кудай насип этип, ушул айга туш келип олтурат. Бул жерде саясат жок, максатым элге жардам берүү”,-деди Чолпон Султанбекова.

Суу 70 метр тереңдикте сордурулуп алынып, айылдын ичине 4 сордургуч кампа курулду. Анын бири ишке берилсе, калган үчөө дагы жакынкы күндөрү берилмекчи.