Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери бир жуманын ичинде республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда, 2021-жылдын 19-марттан 26-мартка чейин 13243 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылган.
ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана сактоо эрежелери сакталды.