Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19га каршы вакцина алды.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 29-мартта,  өлкөдө Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөөнүн башталуучу этабы башталды. Бул үчүн Бишкек шаарында, Ошто жана Чүй облусунда атайын эмдөө пункттары жайгаштырылды.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова белгилегендей, алар пландуу эмдөөгө келгендерге тоскоол болбош үчүн, өзүнчө бөлмөлөр ачык.

COVID-19га каршы эмдөөдөн мурун, министр атайын маалымат баракчасын толтуруп, андан кийин ага эскерүү жазылып, анын маалыматтары электрондук базага киргизилген. Андан кийин Алымкадыр Бейшеналиев текшерүү үчүн дарыгерге көрүнгөн.

«Учурда вакцинаны алуу зарылдыгы барбы же аны дагы бир күнгө жылдырууну доктур чечет», — деп түшүндүрдү коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова.

Эмдөө алгандан кийин министр жарым саат бою дарыгердин көзөмөлүндө болуп,  өзүн жакшы сезип жаткандыгын белгилеп, жумушка жөнөгөн.

Эске салсак, буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында вакцинадан кандайдыр бир кыйыр таасирлер байкалса, өкмөт жана саламаттыкты сактоо министри катары өзү жооп берээрин айткан.