Кылмыш-кырсык

Пара талап кылуу фактысы боюнча Ноокен райондук ИИБ тергөөчүсү кармалды

 

Пара талап кылуу фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлады.

2021-жылдын 27-мартында КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча Коррупцияга каршы кызматы жана КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Жалал-Абад обалстынын Ноокен районундагы Маасы айылынан майда бейбаштык фактысы боюнча жашы жете элек кызга, анын тууганына карата козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү боюнча  арыз ээсинен 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен, Жалал-Абад обалстынын Ноокен районунун ИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны «Р. у. И.» жана  «Э.К.» аттуу жаран кармалды.

Кармалган милициянын капитаны «Р. у. И.» жана «Э.К.» КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында жүргүзүлдү.

Учурда КР УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button