Коом

Ош шаарында коронавируска каршы эмдөө башталды

Ош шаарында COVID-19га каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, биринчи этап №1 Үй-бүлөлү медициналык борбордо башталган. Эмдөөнүн башталышы менен Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов таанышты.

Муниципалитет Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин планына ылайык, алгач медицина кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын эмдөөдөн өтөрүн белгиледи.

№1 ҮМБнун башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, облус борборуна Кытайда чыгарылган «Синофарм» вакцинасынын 300 дозасы жеткирилген.

Эмдөө учурунда ар бир адам менен маектешүү жүргүзүлүп, текшерилет.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button