Ош шаарык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан  башкармалыктын жашы жетелек балдар менен иштөөчү инспекторлору үчүн атайын семинар уюштурулду. Бул иш-чарага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышып, аларга моралдык-психологиялык тараптан жабыр тарткан балдарды кантип аныктоо керектиги жана аларга кандай жардамдарды көрсөтүү зарылдыгы боюнча сөз болду.

Милиция кызматкерлерине  бул багытта Ош шаарындагы Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун психологдору  жана юристтери өз билимдери менен бөлүшүшүп, балдарга ар тараптуу жардам берүүнүн жолдорун биргеликте карашты.  Психологдор милиция кызматкерлерине  жаш балдардын психо-эмоционалдык абалын жөнгө салуунун, алдын алуунун жол-жоболорун айтып беришти. Балдардын  психикалык жактан жабыркап жүргөндөрүн кантип таанып- билүүгө болорун айтышты.  Милиция кызматкерлери жана психологдор жаш балдардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, балдарга жардам көрсөтүү боюнча биргелешип иштөөгө макулдашышты.  Ушул сыяктуу семинарларды мындан ары дагы өткөрүп туруу пландаштырылды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы   милиция кызматкерлеринин бул багыттагы  билим деӊгээлин өстүрүүгө салым кошуп жатышкан Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун  психологдоруна: Г.Онкошевага, Ж.Мамытовага, М.Гайнановага чоӊ ыраазычылык билдирет.

Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы