Коом

Таш-Көмүр шаарында кол күрөш боюнча чемпионат башталды

Бүгүн, 29-мартта Таш-Көмүр шаардык маданият сарайында кол күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын салтанаттуу ачылышы болду. Салтанаттын ачылышына кадырлуу коноктор, шаар тургундары жана өлкөнүн 7 обласынан, Бишкек, Ош шаарларынан 300дөн ашуун спортчулар катышууда.

Чемпионат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни менен башталды.

Ага Таш-Көмүр шаарынын вице мэри А.М.Темирбаева, шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы С.Т.Кудайбердиев, Спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы М.А.Аскарбеков, Кыргыз Республикасынын Кол күрөш федерациясынын президенти С.И.Абдуллаев, Таш-Көмүр шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Т.Т.Конкобаев, Таш-Көмүр шаардык кол күрөш федерациясынын президенти Э.Н.Орозбаев Кыргыз Республикасынын Кол күрөш боюнча башкы машыктыруучусу, Эл аралык даражадагы калыс, КР 2018-жылдагы «Жылдын мыкты машыктыруучусу» К.У.Эсенгелдиев куттуктоо сөз сүйлөштү.

Салтанатта ызаазычылык каттар, наамдар, баалуу белектер тапшырылды.

Ал эми, өткөрүлүп жаткан мелдешке шаардык мэрия тарабынан командалык мелдеште биринчи орунга 25 миң сом, экинчи орунга 15 миң сом жана үчүнчү орунга 10 миң сом сыйлык ыйгарылаары билдирилип, вице мэр А.Темирбаева сертификатты, акчалай ыйгапылуучу сыйлыкты, КР Кол күрөш федерациясынын президентине салтанаттуу тапшырды.

Иш-чара чакан концерт менен жабылып, Башкы калыс А.Васильев калыстар тобу менен тааныштырып, мелдеш андан ары уланып жатты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button