Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу, мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Чынасыл Чыныбаев Ленин райондук администрациясынын башчысы кызматынан бошотулуп, ордуна Мелис Өскөнбаев дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Эске салсак, буга чейин, УКМК бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча  Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаевдин кармалганын билдирген.

Ал Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу”) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган.