Кенияда АКШнын мурунку Президенти Барак Обаманын чоң апасы Сара Обама каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Ал Барак Обаманын  чоң атасынын үчүнчү аялы болгон.

Анын кызы Марсат Онянго энесинин саламаттыгы начар экендигин билдирди.

Сара Обама жардамга муктаж балдарга кам көрүү боюнча ишти колго алып, жергиликтүү  жесирлерге  жана жетим балдарга жардам берип келгени айтылат.