27-мартта Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү Мырзабек Саркеев, өзүнүн тейленген аймагында мектеп окуучуларынын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүп жаткан. Жолугушуу учурунда, 8-класстын окуучу кызы, классташтарына жана ата-энесине таарынып, өз жанын кыюуга даярданып жаткандыгы тууралуу маалымат алат.

Аталган маалымат боюнча Мырзабек Саркеев, өзүнүн кесиптеши Айдана Анварбекова менен биргеликте, окуучу кыздын жана ата-энесинин өздүктөрүн аныкташат. Энеси менен жолукканда, өз ара пикир келишпестиктен кызын урушуп салгандыгын жана кызы белгисиз тарапка кетип калганы белгилүү болот. Кызынын телефону да өчүк болуп жатканын, аял милиция кызматкерлерине маалымдайт. Иштин жагдайларын кылдаттык менен изилдеп, милиция кызматкерлери өспүрүм ойсуз бир кадамга баруунун алдында тургандыгын түшүнүшөт. Анын үстүнө, кыз эч кимге өзүнүн кайда жүргөн жерин айтпагандыгы, милиция кызматкерлерин божомолун кошумча бекемдейт.

Милициянын көчмө кабылдамасынын кызматтык унаасы менен милиция кызматкерлери кыздын кай жерде болушу мүмкүн болгон бир нече даректерди текшерет, көчөлөрдү жана короолорду карап чыгышат, шаардын аймагын кыдырышат. Бир аздан кийин, алар кыз облустун борборунда жайгашкан кичи районунун көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде экендигин билишет.

Ал жерге келип, милиция кызматкерлери кыз менен диалогго барууга аракет кылышат. Бирок, өспүрүм алардын сөздөрүнө эч кандай маани кылбай,  терезеден секирип өз жанын кыюуга даяр экенин айтат. Дагы бир сүйлөшүүгө аракет көргөндө, кыз, ага эч ким жолобосун талап кылат. Мырзабек учурдан пайдаланып, каршылык көрсөткөн кызды тезинен тартып алат. Куткарууга анын кесиптеши Адинай да үлгүрөт. Өспүрүмдү сүйрөп барып, коопсуз жайга алып келишет.

Жагдайды териштиргенде, кыз буга чейин оорусуна байланыштуу УЗИден текшерилген. Бирок, кээ бир окуучулар мектепте анын боюнда бар имиш, ошондуктан ал дарыгерлердин кароосунан өтүп жатат, деп ушак чыгарышкан. Күн сайын анын дарегине айтылган ушак сөздөр, ага кошумча ата-энеси менен болгон түшүнбөстүктөр кызды айласыз кадамга барууга түрткү болгон. Бирок алынган маалымат боюнча милиция кызматкерлеринин өз убагында аткарылган иш аракети өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салуусуна жол берилген жок.

Учурда, кыздын өмүрүнө эч бир коркунуч жок. Өспүрүм менен психологдор жана Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү иш алып барууда.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы.