Баткен облусунда 1-3-апрелге чейин биргелешкен “Коопсуздук-2021” аталышындагы командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары өткөрүлөт. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Машыгуу Баткен районунун Бужум айылында өткөрүлүп, ага 600гө жакын адам, 100дөн ашуун техника тартылат. Ошондой эле облус аймагындагы күч структураларынын кызматкерлери катышат.

Машыгуу күндөрү Баткен шаарына жана Лейлек районунун аймагына блок посттор коюлат. Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн облустук милиция кызматкерлери күнү-түн иш алып барат.

“Мындай көрүнүштөр жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпайт. Ошондуктан “Коопсуз-2021” командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу мезгилинде жарандар тарабынан кооптонууга негиз жок. Сиздерден тартипти сактап беришиңиздерди суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.