Бишкек — Ош жолунда аскер унаасы оодарылып, кызматкер каза тапты. Бул тууралуу Коргоо министрилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, республиканын түштүк-батыш аймагы боюнча Куралдуу күчтөрүнүн армиясынын борбордук үйү концерт өткөрүү үчүн жолго чыккан. Бүгүн, 29-мартта Бишкек-Ош унаа жолунда аскер унаасы оодарылып кетти.

Жол кырсыгынан Куралдуу күчтөрүнүн Н.А. аттуу кызматкери окуя болгон жерден каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча, дагы бир адам колунан жараат алган. Аба ырайынын бузулушунан улам унаанын айдоочусу рулду башкара албай, кырсыкка кабылган. Окуя иликтенүүдө. Аталган факты Аскер прокуратурасына кабарланган, кызматтык иликтөө иши жүрүүдө.