«Азыркы башчыбыз андай катачылыкка жол бербейт деп ишенгим келет», -деди бүгүн, 29-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-губернатор Мамат Айбалаев.

 

— Мамат агай, чек араны сизчелик түшүнгөн адам аз болсо керек. Камчыбек Ташиевдин «кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайызга чечилди» деп айтканы жагымдуу жаңылыкпы?

 

— Албетте, жагымдуу кабар. Бирок, бул кабар, биздин өкүлүбүздүн, Кыргызстандын оюу. Өзбек тарапты да угалы.

 

— Бирок, айрым адамдар өзбек тарап эми суу сактагычтарыбызга ээлик кылып алат. Биз утулдук деп жатышат го?

 

— Чек ара маселесинде Кыргызстан утулду, утулбады деген сөз бул шашкандын оюу. Бир аз күтөлү. Толук уккандан кийин жана келишим талкуулаганда оюбузду ошондо айтсак туура болот.

 

— Кемпир-Абад менен Төрт-Күл суу сактагычы Өзбек тарапка чындап өтүп кетсе, ал суу сактагычтардан суусун пайдаланган Кыргызстандыктарда маселе жаралып калбайбы?

 

— Негизи Төрт-Күл суу сактагычы Баткен районуна карайт. Менимче эч кандай көйгөй деле болбойт. Баткен районун суу менен камсыз кылат. Азыркы мамлекетти башкарган жаңы жетекчини элибиз көпчүлүк добуш менен шайлады. Жоопкерчиликти сезсе, туура эмес иштерге барбайт деп ойлойм. Мурункулардын кетирген каталары көз алдыбызда турат. Алардын акмакчылыгы, жоопкерчиликсиздиги, напсиздиги, чыккынчылыгынан, кыргыз элин, кыргызды сыйлабагандыгы көрүндү. Азыркы башчыбыз андай катачылыкка жол бербейт деп ишенгим келет.

 

Булак: NazarNews.kg