Бишкек шаарынын жолдорун оңдоо-түзөө иштери улантылууда. 1-апрелден тарта алты көчө жана бир көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери башталат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Алар:

* Карасаев көчөсү Байтик баатыр көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин;

* Логвиненко көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу кең көчөсүнө чейин;

* Ак-Тилек көчөсү Элебесов көчөсүнөн Ак-Тилек конушундагы Дзержинский көчөсүнө чейин;

* Култегин көчөсү Гидростроитель көчөсүнөн Энесай конушундагы Энесай-20га чейин;

* Эркиндик бульварынан Жибек Жолу көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;

* Мурас-Ордо конушунан Озерное айылы Мурас-Ордо конушуна чейин.

Оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу 1-апрелден баштап жогоруда көрсөтүлгөн аймактарда унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет.

Белгилей кетсек, «Жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен жолдорду реконструкциялоо иштери 15-мартта башталган.

Эске салсак, Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоордун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

Бул тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилет же жаңы салынат, баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар болот. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.