Окумуштуу  эпидемиянын кийинки баскычы болуп — айыл чарба жана үй жаныбарларына коронавирустун жугушу экенин  эскертет. Бул тууралуу  академик Александр Гинцбург “Известия” басылмасына берген маегинде билдирди.

«Коронавирус өзүнүн патогендик потенциалын али ишке ашыра элек. Бир жылдын ичинде биз жакшы вакциналардын жардамы менен адамзатты коргоого аракет кылуудабыз,  бул мезгилде  үй жаныбарларына инфекция жугууда. Демек, биздин айланабызда иныфекцияны козгоочу туруктуу очоктору болот, ал дагы дэле өрчүй берет », — деди окумуштуу.

Академиктин айтымында, адамзат  эң коркунучтуу вирустардын бири болуп көрүнгөн COVID-19 менен узак мөөнөткө жанаша жашоого  даяр болушу керек.

«Вирус ушундай жол менен жаратылган, эгерде сиз атайын карандаш менен кандайдыр бир жугуштуу объектилер менен өз ара аракеттенүү жагынан адамзатка эң жагымсыз вариантты тартсаңыз, анда SARS-CoV-2 чийилет», — деп белгиледи академик.

Анын ою боюнча, ВИЧ өзгөчө вирус болсо дагы, адам клеткаларына, дагы башка сүт эмүүчүлөрдүн клеткаларына  коронавирус сыяктуу көп зыян келтирбейт.