Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар убактылуу жабылат. Бул тууралуу брифингде Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.

«Мындай чара шаардагы эпидкырдаалдын начарлашына байланыштуу», — деп түшүндүрдү ал.

Вице-мэрдин айтымында, соода борборлорундагы балдар ойноочу аянтчалар эки жумага жабылат.

Айжан Чыныбаева рейддер коомдук транспортто дагы жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады. “Шаардык транспорт тутуму ашыкча жүктөлгөн. Ар кимди маска кийүүгө милдеттендиребиз. Өзүңүздү жана жакындарыңызды эпидемиядан сактап калуунун бирден-бир жолу ушул », — деди ал.