Кечээ, 29-мартта, Бишкек-Ош унаа жолунда аскер унаасы оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгон. Аталган кырсыктан ырчы Нурчолпон да жабыркады. Ал Коргоо министрлигинин оркестри менен Баткенге бара жаткан.

Учурда ырчынын абалы канааттандырарлык.  Нурчолпон кырсыкка кабылгандан кийин жабыркагандарды Кара-Балта шаарындагы оорукананын коридорунда жаткырганын айтты.

Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу, «Бизди Кара-Балтанын ооруканасына алып келип коюшту, коридордо жатабыз. Госпиталга алып кетише элек, бизге өз убагында тез жардам көрсөтө албагандыгы өкүнүчтүү болуп жатат», — деген.

Эске салсак, кечээ, 29-мартта Бишкек-Ош жолунда аскердик унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен А.Н, аттуу адам каза болуп, дагы бир жоокер колунан жаракат алганын Борбордук штабдан билдиришкен.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол кырсыгы саат 12:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында катталып, КамАЗ-Вахтовка үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен А.Н. аттуу аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алганы кабарланган.