Акыркы бир суткада коронавирус 113 адамдан табылып, 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 61,

Чүй облусунда – 44,

Ысык-Көл облусунда – 5,

Нарын облусунда – 3 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 70 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бишкекте – 33,

Ош шаарында – 1,

Чүй облусунда – 19,

Ош облусунда – 13 жана

Нарын облусунда – 4 киши айыкты.

« Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду», — дейт ал.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 530 бейтап, амбулатордук түрдө 577 адам дарыланууда.

Акматова кошумчалагандай, бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 245 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 197 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 276 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 723 киши айыгып чыкса, 1 миң 498 адам каза болду.