Бүгүн, 2021-жылдын 30-мартында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү максатында, Баткен облусунун Бирлик айыл аймагындагы Чечме булагына  барды.

Андан соң аталган айылдын административдик имаратында жергиликтүү тургундар менен Чечме тилкеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Ал чек ара маселеси боюнча жергиликтүү тургундардын пикирлерин  угуп, суроолоруна жооп берди. Жолугушуу учурунда Ташиев:

“Чек ара маселеси жашыруун эмес. Биз чек ара боюнча чыгарган чечимдерибиздин баарын элге ачык айтып, түшүндүрүү үчүн келдик. Эч ким, эч кимге тийишпейт, бири-бириңер менен урушпайсыңар. Коңшу тараптын укук коргоо органдары, биздин укук коргоо органдарыбыз менен макулдашуу жүргүзгүлөт, өз алдынча бир нерселерди жасай бербегиле. Шашпагыла, мамлекет бар, мамлекет чечет. Бул жер мамлекеттикки! Биз көп болсо 50 жыл жашайбыз, мамлекет миң жылдап калат. Мамлекеттин мыйзамдарына баш ийиш керек, негизгиси уруш-талаш чыгарбагыла”, – деди.