Өлкө аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 31-мартта жана 1-3-апрелдерде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт: өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде абанын температурасы -4…-6° га чейин түшөөү болжолдонууда .

Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте гүлөөчү сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.