Ар бир жетекчи өздүк курамдын жетектөө менен бирге алардын жөндөмдүүлүгүнө, кызматтык тартибине, алдына коюлган тапшырмаларды так туура аткаруусуна көңүл буруп, алардын ишмердүүлүгүн жогорулатууда ар кандай иш-чараларды өткөрү керек.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кесиптик даярдык бөлүмүнүн кызматкерлери фельдшерлер менен биргеликте, кызматкерлер арасында кызматтык тартиптүүлүктү, мыйзамдуулукту жана кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жаңылатуу, жакшыртуу, өз милдеттерин аткаруунун сапатын жогорулатуу максатында,  ошондой эле 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун сактоо чаралары жана ар бир кызматкер алдына коюлган тапшырмаларды өз убагында туура,  кынтыксыз аткаруусун жана коронавирус илдетин алдын алуу,  жуктурбоодо,   сактык чараларын кантип туура сактоо жөнүндө кошумча сабактар өткөрүлүүдө.  Ошондой эле сабактар полктун жер-жерлериндеги бөлүктөрүндө да өткөрүлүп жатат.

 

ИИМдин  “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы