Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрын Өзбекстан өлкөсү оңдоп бере турган болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.

Министр маалымдагандай, Бабур театрынын 100 жылдыгына карата театрды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча сүйлөшүлгөн. Андан соң эки өлкөнүн биргелешкен «Арт-Ордо-2021» фестивалы өтөт.

Белгилей кетсек, эки жыл мурда С. Ибраимов атындагы Ош мамлекеттик академиялык кыргыз драма театры капиталдык оңдоодон өткөн.