Коом

Коменданттык саат аскердик машыгуу үчүн киргилизет, жарандарга ыңгайсыздык жаратпайт

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

 

«Урматтуу Баткен шаарынын жана Баткен районунун тургундары!

2021-жылдын 1-2-3-апрель күндөрү Баткен районунун Бужум айылындагы машыгуу талаасында биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык «Коопсуздук-2021» жана «Калыптоо- 2021» машыгуусу өтөт.

Бул машыгуунун алкагында Баткен районуна жана Баткен шаарына 2021-жылдын 2-апрель күнү, кечки саат 20.00дөн 3-апрель таңкы саат 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилет.

Ушул 10 саат ичинде, жарандардан тартипти сактоого жана кырдаалды түшүнүү менен мамиле жасоого чакырабыз. Бул убакыт аралыгында, сиздерге көчөдөн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кайрылса, түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз.

Учурда аймакка коюлуп жаткан блок посттор жарандарды текшерүүгө албайт. Жарандардан эч кандай пропуск талап кылынбайт. Посттор алдын ала даярдык үчүн түзүлгөн шарт болуп эсептелет. Коменданттык саат жарандарга ыңгайсыздык жаратпайт»,- деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button