Башынан эле сенин абалыңды билсем, мынчалык өзүмө көндүрүп, көңүлүңдү сындырып, өзүм да  ыңгайсыз абалга калмак эмес элем. Аттиң, мен баарын кеч түшүндүм, сенин көңүлүңдү, өзгөчө жан экениңди. Бирок, дайыма кел видео аркылуу сүйлөшөлү дегенде жаа бою качканыңды кийин билдим. Туура сендеги жүрөк бул эң таза жүрөк, адамдын асылысың.

Мындан бир топ илгери, интернет аркылуу  бир жигит менен таанышып, сүйлөшүп калдым. Эмнегедир сүрөтүнө өзүнүн эмес, жаратылыштын сүрөтүн коюп алыптыр. Менин кызыкканым да ушул болчу. Көпчүлүк жигиттер, адатта унаанын, тулпардын же желектин, калпактын сүрөтүн коюшат.

Алгач эле, атымды сурап, саламдашып жазганда, акылдуу, адептүү жигит экен деп ойлоп койгом.  Мен жумушка барам, ал жакта кээде телефон кармап,  жазышууга убакыт болбойт. Кечинде үйгө келген соң, ашыгып сен жазган каттарды четинен окуйм. Өтө бир турмушка терең түшүнгөн, көрөгөч экениң байкалат. Кээде сага сүйлөп, үн жаздырып, суроо салам. Бул сенин да үнүңдү угайын деген эле шылтоо. Бирок сен ого бетер табышмак болуп, бир катасы жок, ээрикпей тамгаларды терип, менин суроолорума жооп жазасың. Кээде ойлоп калчумун, бул балким мени тааныган бирөө тамашалап жатабы деп.  Айтор көпкө ойлондум. Акыры сабырым чыдабай, сага жолуккум келип, ар кандай шылтоо ойлой баштадым.

Адаттагыдай жумуштан келип, айылдан апам келгенин, мени башкага турмушка узатаарын жаздым. Бир топко унчукпай туруп, анан узун кат жаздың. Катыңды окуп жаттым, өзүм менен чогуу жан дүйнөм, бүт аалам ыйлап жатты.  Сенин катың мындайча жазылган эле:

“Ооба, сен акылдуу кызсың, сен бактылуу болууга татыктуусуң. Сени мен бактылуу кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонумда, анда сени эч кимге бербейт элем. Ушунча мезгил, мага көңүл жубаткан сөздөрдү жазып, жашоого үмүт берип, жаңы ой жүгүртүп, тагдырга башкача көз караш менен кароого үндөгөн сага ыраазымын. Сени туура түшүнөм, менин азыркы абалым сага өтө кызык. Сага мен ушунча убакыт табышмак болуп жүргөнүмдү ачыктайын. Бир учурда мен да чуркап, бир орунда турбаган тентек жигит элем. Студент кезде кырсыктап, ошонун айынан шал оорусуна кабылдым. Бир орунда жаттуу, бир жерде отуруу, термелип терезе менен сүйлөшүп,теребелди телмире тиктеген адамга айландым. Сүйлөгөндө кыйналам, анткени жаак сөөктөрүм сынып, мурунку келишимдүү кыздар сүйгөн келбетим азыр жок. Кудай жалгап, колдорум  жакшыраак, жазганга жарайт. Көп ирет ушунча кыйналбай, башкаларды кыйнабай оо дүйнө кетип калсам болмок деп ойлоп, апамды аяп кетем. Кээде интернет карап отуруп, колум кычышып жаза коем. Бирок, баарына эмес, сендей адамгерчиликтүү ыймандуу кыздарга эле. Сага мен бакыт каалайм, мени кечир, сага көнүп баратканым үчүн. Айтмакчы, эми сени блоктоп койгонум оң болоор. Ар убак мени көргөндө кайгырып, боор ооруп караганыңды каалабайм. Кош бол!”,-деген сөздөр эле.

Жүрөгүм башкача согуп, өзүмдү-өзүм тилдеп жаттым. Тилим кычышып эмнеге айттым. Эмнеге жакшы адамдын көңүлүн сындырдым. Аттиң мындай абалыңды мурдараак билгенде, жок дегенде сөз менен жардам берип турбас белем. Туура, менин ар бир сүрөттүмө жүрөкчө басып, жылуу сөздөрдү жазар элең. А мен болсо түрдүүлөп сүрөткө түшүп, ал ансайын сенин көңүлүңдү бурдурууга аракет кылат элем. Ар кандай суроо бергенимчи?!

Билинбеген менен  сага кыйла көнүп калган экем. Сени менен коштошуу мага да оңойго турган жок. Көрбөй туруп, үнүңдү укпай туруп, жылуу сөздөрүң, адамдык мамилең өзүнө тартып арбап алган эле.

Андан бери көп убакыт өттү. Башка жигиттер жазат, таанышат, бирок, алардын көөдөнү бош, көксөөсү башка….

 

Автору  Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.