Бүгүн, 31-мартка карата өлкөдө дагы 98 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталып, 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкек шаары – 48;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 36;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 1.

Республика боюнча илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 88 миң 374 болду.

Ал эми соңку суткада 86 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек шаары – 44;
Ош шаары –2;
Чүй облусу – 25;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 13.

Муну менен жалпы айыккандардын саны 84 миң 809ду түздү.

Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 адам көз жумду. Каза болгон жаран Бишкек шаарында катталган.

Республика боюнча каза болгондордун жалпы саны 1 миң 499ди түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 470, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1 миң 29.