Бишкекте сегиз айлык бала коронавирусту жуктуруп алды. Бул тууралуу Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифингде билдирди.

«Кечээ контактта болгондордун арасында сегиз айлык бала катталып, анын эжесинин ПЦР анализи оң  чыккан. Оорунун белгилери байкалгандан кийин баланы текшерүүдөн өткөрүштү. Абалы канааттандырарлык, ал үйүндө дарыланып жатат «, — деди ал.

Айнагүл Рыскулбекова бардык уюмдарда санитардык-эпидемиологиялык режим күчөтүлгөнүн эске салды.

«Биздин дарыгерлер санитардык-агартуу иштерин жүргүзүшөт, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин көзөмөлдөйт,  кантип коргонуу керектигин, маска кийүү, аралыкты сактоо, колду таза кармоо, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү, бөлмөнү желдетүү. Эгерде бул эрежелерди ар бир жаран аткарса, анда өсүш болбойт деп ойлойм », — деди ал.