Кыргызстанда Silk Way ири индустриалдык паркынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Долбоор өкмөттүн текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.

70 гектар аянтты ээлеген соода-өнөр жай жана текстиль комплексинин аймагында соода-экспозициялык павильон, кампалар, тигүү фабрикалары, бажы-логистикалык терминалы жайгашмакчы.

Объект Казакстандын чек арасына жакын жерде «Манас» эл аралык аэропортунан 30 чакырым алыстыкта орун алат.

«Соода-өндүрүш жайларын жана кампаларды жеке менчикке алууда инвесторлорго ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилет. Алар жылуулук, суу жумуштарын уюштуруу менен «баштарын оорутпайт». Ишкерлер даяр имаратты алып иштетет», — деп айтылат маалыматта.

Соода-көргөзмө комплексинде биринчи этапта тигүү фабрикалары салынат. Долбоорду толугу менен кыргыз ишкерлери каржылай турганы айтылды. Аталган паркта иштегендерге белгилүү компания жана бренддер менен байланыш түзүүгө, маркалоо, сертификация жана жүк жеткирүү жагынан да колдоо көрсөтүлө турганы маалым болду.

Парктын аймагында сегиз негизги сектор жайгашып, жумушчулар үчүн тамактануучу жайлар, социалдык-административдик мекеме, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, бала бакча, унаа токтотуучу жайлар иштейт.