Медициналык бет каптарда курт сымал жандык табылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу  Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, социалдык тармактарда таратылган видеого байланыштуу бет каптарга текшерүү жүргүзүлгөн.

“Мен бет каптарды макроскопиялык жана микроскопиялык изилдөөлөрдүн негизинде карап чыктым, эч кандай мите курттарды таба алган жокмун, бет каптын ичиндеги эле ичке жипчелерди көрө алдым. Таркатылган видеонун авторуна ичке жипчелер курт сымак кыймылдагандай болуп көрүнсө керек. Бет каптарды кургак жана нымдүү түрүндө да карап чыктык, курт аныкталган жок”,-деди департаменттин дарыгер-лаборанты Гүлмира Жумашова.

Эске салсак, социалдык тармактардагы тасмаларда, бет каптарда ичке кара курттар бар экенин чагылдырган видеолор тараган. Тасманын автору, беткапты кайнатылган суунун үстүнө коюп, анда кара  ичке жип сыяктуу курттар кыймылдап жатканын, ал адамдын организмине зыян келтириши мүмкүн экенин айткан.