«Түрк кеңеши азыркы күндө дүйнө коомчулугу тааныган, түрк интеграциясынын эң башкы, кадыр-барктуу платформасына айланды», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммитинде сүйлөгөн сөзүндө.

Садыр Жапаров Түрк кеңешинин Ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаевдин уюмдун ишмердүүлүгүнө кошкон зор салымын белгилеп, түрк тилдүү өлкөлөрдүн бейформал саммитин өткөрүү демилгесин көтөргөндүгү үчүн ага ыраазычылык билдирди.

Ал дүйнө жүзү ушу кезде коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин башынан кечирип жаткандыгын айтып, ага байланыштуу Түрк кеңешине кирген мамлекеттердин башчыларын биримдикте болууга чакырып, учурдагы кырдаал жалпы түрк дүйнөсүнөн замандын оош-кыйыш чакырыктарына чечкиндүү жооп берүүнү талап кылып жаткандыгына токтолду.

Мамлекет башчысы Уюмдун платформасы аркылуу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, социалдык маселелерди талкуулоо менен бирге, өз ара жакындашууга, көп тараптуу мамилелерди өркүндөтүүгө зор мүмкүнчүлүк алууга болорун билдирип, Түрк кеңеши интеграциялык процессте башкы ролду ойной тургандыгын баса көрсөттү.

Ал Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен «Түрк көз карашы — 2040» стратегиялык концепциясы иштелип жатканын, бул долбоор интеграцияны тереңдетүүнүн «жол картасына» айланарын баса белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап аталган маанилүү документти жалпы жонунан колдойт.

Андан ары ал азыркы экономикалык кризистин шартында Түрк кеңешинин мүчөлөрү бири-бирине арка-жөлөк болуп, көмөк көрсөтүп, көп тараптуу долбоорлорду турмушка ашыруу менен учурдагы кыйынчылыктардан чыгып кетерине үмүт артарын билдирди.

Мындай маанилүү долбоорлордун бир катары Садыр Жапаров түрк дүйнөсүнүн инвестициялык фондун түзүү демилгесин атап, бул финансылык институттун баш кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштырууну кабыл алууга даяр экенин белгиледи.

«Фонд Түрк Кеӊешине кирген өлкөлөрдөгү бизнес долбоорлорду ишке ашырууда кошумча каржылоо булагы катары кызмат кылат, ишкердикти өнүктүрүүгө салым кошот, чакан жана орто бизнести каржы булактары менен камсыз кылат деп ишенем. Буюрса, фонддун ишмердүүлүгүн колдоо менен биз түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык байланыштардын жаңы барагын ачабыз», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров фонддун түзүлүшү менен өлкөлөр арасындагы инвестициялык климат жакшырарына, ошону менен бирге өз ара карым-катнаштарды чыңдаган экономикалык рычаг түзүлөрүнө бекем ишенимин билдирди.