Бишкек шаарындагы Салиева көчөсүнөн жашикке салынган  жаңы төрөлгөн ымыркай табылып, апасы изделип жатканы айтылган. Андан бери дээрлик 10 күндөн ашуун убакыт өтсө дагы наристенин апасы табыла элек.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, наристенин апасын издөө иштери бүгүнкү күндө деле улантылууда.

Эскерте кетсек, ымыркай 19-мартта саат 07:35 чамасында Салиева көчөсүндө ак чүпөрөккө оролуп, желим жашикке салынган абалда табылып, балдар үйүнө жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 150-берене («коркунучта калтыруу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.