Кыргызстанда 1 — апрелге карата COVID-19 илдетинин жаңы 164 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Акыркы бир сутка ичинде жалпысынан 88 бейтап айыкты.

Мындан сырткары Бишкек шаарында коронавирус илдетинен бир адам каза болду. Пандемия башталгандан бери 1500 адам көз жумду.

1-апрелге карата илдетти жуктургандардын саны 88 миң 538ге жетип, алардын ичинен 84 миң 897 адам сакайган.