Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ворух анклавы боюнча айткандарына карата өз пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Мурдагы министр Зарифи «Ворухтун аймагы — Тажикстандын түбөлүктүү аймагы» деп жазган.

Ташиев ага жооп кайтарды.

«Тажикстандын бир аксакал Хамрохон Зарифи мамлекеттер аралык чек ара маселеси боюнча мага нааразычылыгы боюнча жазган экен.

Мен эмне кылдым? Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары Ворух анклавынын чечими боюнча сунуштарыбызды кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке эки тараптын делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда тапшырдым, болду.

Анан эмне үчүн Хамрохон аксакал өтө жаман жооп кайтарып, өзүнүн маданиятынын төмөндүгүн жана душмандык мамилесин көрсөтөт, же, менин өлкөмдүн кызыкчылыгын коргобогон алардын сунуштарына макул болбой койгондуктанбы? Кандай гана болбосун, мен бардыгын жакынкы коңшубуз Тажикстан элине достук мамиледе болууга чакырам, ар кандай провокацияларга алдырбоону суранам, Кудай буюрса, баары жакшы болот!» — деп жазды ал.