2021-жылдын 31-март күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Ош облусунда болду. Иш сапарынын учурунда Өзгөн, Кара-Суу, Араван, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугушуп, аларга карата түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Ошондой эле РИИБдердин убактылуу кармоочу жайларынын абалын текшерди. Өздүк курам менен жыйын өткөрүп, алардын кызыккан суроолоруна жооп берди жана алдыда келе жаткан жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүнү, алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, добуш сатуулардын алдын алууну, ошол эле учурда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү талап кылды. Өздүк курамга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Министрлик тараптан калк менен тыгыз иштешкен милициянын участкалык уполномоченныйлары жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери заманбап техникалар менен жабдууланып, жарандар менен байланыштар заманбап техникалар менен ишке ашууга кадамдар ташталып жаткандыгын, ошондуктан кызматтык- даярдыктар боюнча окуулар күчөтүлө тургандыгын билдирди.

Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина кызматынын имаратына барып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо боюнча түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышып чыкты. Андан ары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККККБнын Ош шаары боюнча  милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн өздүк курамы менен жолугушуп,  коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барган учурда калкка сылык мамиле жасап, элдин ишенимин арттыруу үчүн өз милдеттерин так аткарууга чакырды. Жаңыдан ишке киришкен бул кызматтын техникалык базасы менен таанышты.

Иш сапардын соңунда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында өткөн жыйында Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрү менен кызматтарынын жетекчилери катышты. Ош шаарынын аймагындагы азыркы жалпы жана  шайлоо өнөктүгүнүн алдындагы кырдаал боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Акылбек Мамасейитов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеӊишбек Абитов маалымат беришти. Ички иштер башкармалыгынын жетекчилери аймактагы жалпы жана  бул ири саясий иш-чарага карата коомдук коопсуздукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдыктар, аракеттер, иш-чаралар боюнча кеӊири токтолуп өтүштү.

Өз кезегинде Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов жыйында жетекчилерге шайлоо өнөктүгү боюнча каралган ар бир мыйзамды өздүк курамга тактап  жеткирип, кошумча сабактарды дагы өткөрүп туруу зарылдыгын,  кызматкерлердин бул күндөрү өз милдеттерин так, мыйзым чегинде аткарууну талап кылды. Жергиликтүү калк менен аябай тыгыз иштөөнү колго алууну эскертти.  «Ар бир кызматкер өз милдеттерин так аткарып, шайлоо алдында, шайлоо учурунда катталган ар бир укук, тартип бузууларды каттап, тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн. Жарандардын айкын, өз оюн эркин билдирип, шайлоого катышуусун камсыз кылып бергиле. Ар бир катталган маалымат же факты өз убагында ыкчам чечилиши керек. Ошондой эле ар бир кызматкер кызматтык тартипти бекем сактап, мыйзамдуулукту бузууга жол бербөөсү зарыл. Атайын форманы кийүүдө уставдык талаптар аткарылып, кандайдыр-бир кемчиликтерге жол берилбесин»,-деди Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов.

Андан соӊ Ички иштер министринин орун басары   Октябрь Урмамбетов жыйынга катышып жаткан жетекчилердин коомдук коопсуздукту жакшыртуу боюнча сунуштарын угуп, суроолоруна жооп берди. Алардын тиешелүү материалдык-техникалык жактан кандай камсыз болуп жаткандыгына кызыкты. Ички иштер министрлиги тарабынан мүмкүнчүлүк болушунча кызматкерлердин социалдык шарттарын оӊдоого аракеттер болуп жаткандыгын айтты.

 

ИИМдин  Басма сөз кызматы