Милиция Сузак районунун Жар-Кыштак айылынын тургуну 31 жаштагы Махмутжан кызы Барнохан дайынсыз болгондуктан ага издөө салды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан карабарлашты.

Махмутжан кызы Барнохан 21-март күнү саат 16:00дөр чамасында өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен. Анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыктан туугандары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт”, — деп айтылат  маалыматта.

Аялдын бою 165-170 сантиметр, өңү кара тору, кашы-көзү, чачы кара, көк түстөгү узун халатчан, күрөң түстөгү жеңи жок чапанчан, кара шымчан, бутунда кепич болгон. Маалыматта II топтогу майып деп жазылып жүрөт.

Милиция издеп жаткан Махмутжан кызы Барнохан тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03748) 5 02 09, 0773 07 77 77, 0558 84 48 50 телефон номерлерине чалууну өтүнгөн.