2021-жылдын 27-мартында саат 05:02 убактысында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук күзөт түйүнүнөн Бишкек шаарынын Свердлов районунун күзөт бөлүмүнүн №261-ыкчам кармоо тобуна бөлүм тарабынан кайтарууда турган Бишкек шаарынын Ж.Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан дүкөнгө чакыруу келип түшкөн.

Ошол күнү милициянын прапорщиги Анаркул уулу С., милициянын старшинасы Д. Касымбеков жана милициянын старшинасы Т. Шабданбеков кызматта болгон. Саат 05:06 убактысында ыкчам кармоо тобу чакыруу келген жерге жетип барышкан. Дүкөндүн сыртынан кароо учурунда, эшигинин сырткы темирлери ийилип, үндөр чыгып жатканын байкап, дароо дүкөндү көздөй чуркашкан. Ичинен 30-35 жаштагы азият улутундагы жаран качууга аракет кылган, ошол замат качырбай кылмашка шектүүнү кармап, Свердлов райондук РИИБга жеткирилген.

Тактоо иштери жүргүзүлгөн соң, кылмышка шектүү Ош шаарында 1990-жылы туулган З.Д. аттуу жаран экендиги аныкталган. Дүкөндү тоноого атайын бычак, мык суургуч алып даярданып келген.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы