Кыргызстандыктар 1,5, 9 жана 10-майда  эс алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жылнаамада, Эмгек кодексинде жумушчу эмес майрам күндөрү катары төмөнкү даталар белгиленген:

1-май — Эмгек майрамы;

5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;

9-май — Жеңиш күнү.

Майрам күндөрү эс алуу күндөрүнө туш келип калса, демалыш күн андан кийинки иш күнүнө которулат. Бирок, кызматкерлер тарабынан демалыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Өкмөт 2020-жылдын 30-декабрында  «Эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө» №633 токтомун кабыл алган. Ага ылайык, ушул жылдын 3-майындагы эс алуу күнү (1-май демалыш күнүнө дал келгендиктен, демалыш күнү деп таанылды) ушул жылдын 8-январындагы иш күнүнө которулду. Ошентип, 3-май жумуш күнү болот.