2016-жылдан бери карай Евразиялык экономикалык союздун сотунун Кыргызстандын атынан судьясы болуп отурган Галина Скрипкина да декларациясы боюнча жупуну эле жашаган чиновниктердин катарын толуктайт.

Анын Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда, 2015-жылы толтурган декларациясына үңүлсөңүз, анда эки батири (бири 57 чарчы метр, экинчиси 52 чарчы метр) жана эки автоунаасы (экөө тең 1997-1998-жылдары чыккан «Мерседес Бенц» үлгүсүндө) катталганын көрөсүз. Ал жылы тапкан жылдык кирешеси 1 035 200 сом болгон. Андан башка эч кандай мүлктөрү көрсөтүлгөн эмес. Жакын туугандарынын да кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү көрсөтүлбөгөн.

Бирок, ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда, тактап айтсак 2012-жылы «Тойота-камри» (2008-жылы чыккан) үлгүсүндөгү автоунаа менен жүргөнүн билчүбүз. Бул тууралуу «Клооп» сайты чиновниктердин жана депутаттардын айдап жүргөн автоунаалары тууралуу иликтөөсүндө жазып чыккан. Ошол убакта Галина Скрипкина минип жүргөн «Тойота-камри» унаасынын баасы 17 миңден 21 миң долларга чейин бааланчу. Бирок, бул унаасы анын 2015-жылдагы декларациясында жок.

Галина айым 2009-жылга чейин Бишкек шаарындагы уюмдарда, ишканаларда адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенген. 2009-жылы КСДП партиясы менен Жогорку Кеңешке келип, андан кийин 2010 жана 2015-жылдардагы парламенттик шайлоолордо да мандат тагынган. Анан 2016-жылы Евразиялык экономикалык союздун сотунун судьясы болуп кеткен. Анын аталган союздун расмий сайтында илинип турган өмүр-баянында дал ушундай жазылып турат. Бирок, эмнегедир ал парламентке келгенге чейин Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья болуп иштегенин, анан ал кызматтан ызы-чуу менен кеткенин өмүр таржымалына кошкон эмес. Эмнеге кошпогонун жана эмне болгон ызы-чуу менен кеткенин албетте Галина айым өзү ачыктап койсо жакшы болмок.

Экинчиден, Скрипкина учурда 8000 АКШ доллары өлчөмүндө айлык акы аларын бизге ишенимдүү булактан билдиришти. Карапайым кыргызстандыктар мынча акчаны бир, алтургай эки жылда да таба алышпайт. Ал эми Атамбаевдин колдоосу менен Евразиялык экономикалык союздун сотунун судьясы болуп калган Галина айым аны ай сайын шакылдатып санап алып отурат. Анан дагы анын декларациясында көрсөтүлбөгөн бир топ мүлктөрү бар экенин шыбырагандар бар.

Балким, Скрипкина өзү алган айлыгы жана жыйнаган байлыгы тууралуу расмий маалымат берип коё алабы дегендер да бар. Кыргызстандын атынан союздун сотунда судья болуп отурган адамдын ишмердүүлүгү да, жыйган-тергени да ачык болушу керек эмеспи.