Милиция Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы адамдын өлүмүнүн чоо-жайын айтты.

Маалым болгондой, 2021-жылы 1-апрелде саат 00: 14төр чамасында «102» кызматына Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан  бир адам каза болду деген чакыруу түшкөн.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маалыматында, саат 22:30 чамасында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 1982-жылы туулган жаран Ш.Б. дары-дармектерин алып келип, ийне сайдырган. Ал тамчылатуу жолу менен укол алган соң  өзүн жаман сезген. Медайымдын алгачкы жардамына карабастан, эркек киши эс-учун жоготуп, каза болду.

Аталган факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын EРППне катталды. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Эске салсак, «Жалдагы» балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө бир адам антибиотик алгандан кийин көз жумганы айтылган. Окуя түн ичинде болгон. 45 жаштагы эркек киши оорукананын ЛОР бөлүмүнө цефтриаксон  алуу үчүн  тааныш медайымга кайрылган. Ага реаниматологдор чакырылган. Адам (айрым маалыматтарга караганда, ал буга чейин каза болгон) жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакырылып, укук коргоо кызматкерлери сөөктү моргго жеткиришкен.