Дил маек

Альбина Ибраева: «Мектеп окуучусу келечекте турмушта өз ордун тапса, мен үчүн чоӊ сыймык»

«Мектеп окуучусу келечекте турмушта өз ордун тапса, мен үчүн чоӊ сыймык», — дейт милициянын ага лейтенанты Альбина Ибраева

Үй тапшырмасына жардам берип, ата-энелердин чогулуштарын өткөрүп, түз жолдон адашкан өспүрүмдөргө акыл-кеӊешин берип, туура багытка салган кесипти, көпчүлүгүбүз мугалимдин кесиби менен айкалыштырабыз. Бирок, бүгүн милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрүнүн күнүмдүк кызматы жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү жөн гана милиция кызматкери эмес, биринчи кезекте, мыкты психолог жана иш билги мугалим. Бул сөздөр биздин каарманыбыз, милициянын ага лейтенанты Альбина Ибраеваны түздөн-түз мүнөздөйт.

Биздин каарманыбыз Түп районунун Күрмөнтү айылында төрөлүп, 2013-жылы ушул эле айылдын орто мектебин аяктагандан кийин, Э. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына окууга өткөн. Окуу жайын ийгиликтүү окуп бүткөндөн соӊ, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын карамагына жөнөтүлүп, Ак-Суу РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына тескөөчү инспектору болуп дайындалган. Андан кийин, Түп РИИБдин ЖӨИнин ага тескөөчүсү болуп которулган.

Академияны аяктагандан кийин, Альбина бардык бүтүрүүчүлөр сыяктуу эле тергөө, же оперативдик кызматта иштөөнү каалаган. Бирок, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы ага жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына тескөөчү кызматын сунушташкан.

«Эгер аракет кылбасаң, билбейсиң демекчи, мен өзүмдү ушул кызматтан сынап көрүнүү чечтим. Чечимиме өкүнгөн жокмун. Кызмат өтө кызыктуу, бирок ошол эле учурда өтө жооптуу. Балдарга караганда, чоңдор менен баарлашуу жана иштөө бир топ жеңилирээк. Ал эми, жаш өспүрүмдөргө өзүнүн мамилеси керек. Бул жаш куракта, анын социалдык абалына жана тарбиясына өзгөчө маанини буруу зарыл. Балдар көбүнчө фактыларды бурмалашы мүмкүн, жок, алдоо максатында эмес, жөн гана, алар ошол маалда түзүлгөн кырдаалды, ушундай көз карашта баамдайт. Ошондуктан,  балдар менен баарлашууда өзгөчө тактиканы талап кылат», — дейт Альбина.

Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү болуп кызмат өтөгөнүнөө көп убакыт болгон жок, болгону үч жыл болду. Бирок, «бычак мизинде жүргөн» өспүрүмдөрдүн тилин табып, аларды туура жолго салган кесипкөйлүгүн эске алсак, тажрыйбасы аз эмес деп эсептесе болот.

Биздин каарманыбыздын көз кырында – өздөрүн терс жагынан көрсөткөн өспүрүмдөр. Алардын эӊ кичүүсү 14 жаштагы Марат аттуу улан. Альбина айткандай, бул өтө коопту курак, башкача айтканда балдардын мүнөздөрү өзгөрүп,  ар кандай окуяларга суусап тургандыктан, терс көрүнүштөргө көбүрөк кабылат. Ошондуктан, каттоодо турган өспүрүмдөр арасында кыздарга караганда уландар көбүрөк.  Бирок, кыздар да, уландар да айрым учурда майда уурулукка туш болушат. Аталган азгырык, азыркы өспүрүмдөрдүн башына түшкөн мүшкүлгө айланды.

«Колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдары гана уурдай алат деп ойлобоңуздар. Өспүрүмдөр теңтуштарынын таасиринен улам, мелдешип да уурдоого барышат. «Эркексиӊби, же жокпу» деген мелдеш үчүн, улан балдар майда буюмдан, кымбат баалуу мүлктүү уурдоого чейин барышы мүмкүн», — деп улантат маектешибиз.

Мындай учурда, өспүрүмдүн Альбина менен танышуусу, бир эле аӊгемелешүү менен чектелбейт. Эгерде жашы жете элек баланы профилактикалык каттоого алса, анда биздин каарманыбыз өспүрүм

менен тыгыз иш алып барат. Ал баланын кандай шарттарда жашаарын, бош убактысын кандай өткөрөрүн, кимдер менен баарлашарын аныктайт. Ай сайын мектепке барып, анын окуудагы жетишкендиктеринен жана жүрүм турумунан кабар алып турат.

Эгерде алты айдан кийин өспүрүм туура чечимге келип, туура жолду тандаганы анык болсо, ал каттоодон чыгарылат. Бактыга жараша, Альбинанын кызмат мезгилинде, өспүрүмдөр кайрадан кылмышка барганы жок.  Көпчүлүк өспүрүмдөр кылмыштын кесепети, келечегине кандай таасирин тийгизерин түшүнүштү.

«Өспүрүмдөр кыялкеч мүнөзгө ээ болгондуктан, чоңдорго караганда көбүрөөк калп айтышат. Менин практикамда мындай окуя болгон», — дейт Альбина. «Класс жетекчиси сабакка келип, окуучунун ордунда экендигин текшерет. Ал жок. Анда мугалим  окуучу баланын ата-энесинин уюлдук телефонуна чалып, анын кайда экендигин сурайт. Ата-энеси анын сабакка кеткенине айтышат. Класс жетекчиси кайрадан класска кирип текшеретет, балким кечигип келгендир деген ойдо. Сабак өтүп жаткан мугалимден окуучу бала класста болгонбу деп сурайт. Көрсө, ал мектепке да келген эмес экен. Класс жетекчиси бул жолу окуучуга телефон чалса, ал: «Ооба, мен мектепте! Сиз жөн гана мени көрбөй жатасыз!» , — деп жооп берет.  Бул көзгө көрүнбөгөн окуучу бала менен болгон окуя тынымсыз кайталанат. Кийинчерек билингендей, өспүрүм ошол учурда компьютер салонунда болуп, сабактар болбой калган деп ата-энесине калп айткан экен.

Милициянын ага лейтенанты Альбинанын жашыруун хоббиси бар — улуттук кийимдерди популяризациялоо. Жашыруун, анткени ал эч качан өспүрүмдөргө өзүнүн хоббиси жөнүндө айтпайт. Улан балдар менен кыздар өзүлөрү анын социалдык тармактардагы улуттук кийимин көрсөткөн баракчасынан көрүп билишкен.

«Алар мени милиция формасында эмес, улуттук кыргыз кийиминде көргөндө, дароо мага башкача мамиле кыла башташты. Аларда менин кесибиме болгон кызыгуусу жана албетте, мага улук жолдош катары ишеними пайда болду», — дейт милициянын ага лейтенанты.

Дагы бир хоббинин артынан, башкача айтканда китеп окууга болгон кызыгуусу менен ага инспектор айрым кыздарга жакын болуп калган. Алар Альбина менен психология боюнча окуган китептерин, аял менен эркектин мамилесин талкуулаганды жакшы көрүшөт.

«Менде көп окуган, атүгүл окуу сынагына катышкан каттоодо турган окуучу бар. Ал мага телефон чалып, кандайдыр-бир автор жөнүндө сурашы мүмкүн, эгер мен аны окуй элек болсом, ал сөзсүз түрдө ошол автордун китебин алып келет, же болбосо электрондук түрдө мага жөнөтөт», — дейт каарманыбыз.

Бирок, Альбинага башка маселелер боюнча күндүн кайсыл мезгилинде болбосун көбүрөөк телефон чалуулар болот. Көпчүлүк мындай телефон чалуулар тынчсыздануу мүнөздө. Милициянын ага лейтенантынын кызмат күнү чектелүү болбогондуктан, ар бир кайрылууга жооп бериши керек.

«Бир жолу, түнкү саат 11де, биздин каттоодо турган 14 жаштагы баланын атасы телефон чалып,  бала үйгө түнөгөнү келбегендигин айтат. Ал баланын турмушу  татаал. Энеси ата-энелик укуктан ажыратылган, өспүрүм болсо атасы менен жашайт. Бирок, бала апасы менен чогу болушун каалап, энеси турган айылга көп кетип калат. Атасына эч нерсе айтпайт, уюлдук телефонун өчүрүп коет. Эмне кылам? Түнкүсүн ал баланы издей баштаймын, энеси жашаган айылга барып, баланы таап, кайрадан атасынын үйүнө алып келемин», — дейт Альбина.

Мындай каттоодо турган балдар, биздин каарманыбыздын кызматында көп учурайт. Альбина, чыныгы улуу эжеси катары, ар бир бала үчүн кам көрүп, тагдыр алардын  жашоосун жакшы жагына өзгөртөт деген ишенич менен жашап келет.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button