Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашуулары унаалардын бардык түрү үчүн жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Кар катуу жаап жаткандыгына байланыштуу Ала-Белде жол жакшы көрүнбөй автотранспорттордун кыймылы жайлап калган.

«Автоунаа тыгынын алдын алуу максатында аталган ашуулар автоууналардын бардык түрү үчүн убактылуу жабылды. Чектөө Арал, Сосновка, Кара-Көл постторуна киргизилди. Учурда кызматкерлер жолду тазалап жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик айдоочуларды жолдо сак болууга чакырды.