Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов “Бикард” клиникасынан №47 абакка которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен  маалымдашты.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 18-февралында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (“Адалдоо”) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.