Баткен облусунун Өзбекстан менен чек арада жайгашкан “Кайтпас” жана ”Өтүкчү” өткөрүү жайларынын иши жанданды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

Бул саамалык салтанаттуу түрдө белгиленип, ага КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Баткен облусунун башчысы Омурбек Суваналиев жана ӨРнын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаровдор кыргыз-өзбек элин, кубанычтуу саамалык менен куттуктап, эки элдин коңшулаштык жакын мамилесин, эки облустун ар тараптуу кызматташуусун жакшыртууда, аталган чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын кайрадан ачылышы, жанданышынын мааниси зор экенине токтолуп, алдыда өнүгүүгө карай жолдо ишенимдүү өнөктөш катары, кызматташуу жанданаарын белгилешти.

Бүгүндөн тарта эки өлкө жарандары “Кайтпас” жана ”Өтүкчү” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынан тоскоолдуксуз, эки өлкөнүн аймагына өтө алышат. Тагыраагы жүргүнчү ташуучу унаалардын каттоосуна жол ачылды.

Возможно, это изображение (4 человека, люди стоят и на открытом воздухе)

Буга чейин пандемияга байланыштуу Өзбекстан Республикасы менен чек арада бир гана “Кадамжай” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайы иштеп жаткан.

Ал учурда Өзбекстан Республикасынын жарандары ӨРнын Сох районуна баруу үчүн 80 чакырым жолду басып өтсө, “Кайтпас” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайы аркылуу өтүү менен жол алыстыгы 50 чакырымга кыскарат. Ошону менен катар “Кадамжай” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайында кыймыл жеңилдейт.

Белгилей кетсек үстүбүздөгү жылдын 11-12-мартында Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын өлкө башчылары Ташкент шаарында жолугуп, аталган чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларын ачууну макулдашкан.

Ал эми Баткен-Фергана облусунун башчылары кызматташуу жаатында бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.

Возможно, это изображение (6 человек, в том числе Сайрагул Дуулатова, люди стоят и на открытом воздухе)